Грецияда студенттер жогорку батир акысына жана жашоо-тиричиликтин кымбаттыгына байланыштуу көйгөйлөргө көңүл буруу максатында Парламент имаратынын алдындагы Синтагма аянтында чатырларды тигип нааразычылык акциясын өткөрүштү.
Баш калаа Афинадагы аянтка чогулган студенттер жогорку батир акысынан улам турак-жай табууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын билдиришти.
Студенттер жашоо-тиричиликтин кымбаттыгы билим алууну кыйындатып жатканын түшүндүргөн баннерлерди көтөрүп, Франциядагы студенттердин нааразычылык акцияларына да колдоо билдирүүсүн жөнөтүштү.





















