Йемендеги мыйзамдуу өкмөттү колдогон Сауд Арабиясы жетектеген араб коалициясы Медина жана чыгыш аймакта 5 учкучсуз учуучу аппаратка бөгөт коюлуп, атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Араб коалициясынын басма сөз катчысы генерал-майор Турки аль-Малики өзүнүн X социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, Сауд Арабиясынын дрондор менен бутага алынганын айтты.
Коалициялык күчтөр тарабынан аныкталган 5 дронго бөгөт коюлганын билдирген Малики бул дрондор Медина жана чыгыш аймакта атып түшүрүлгөнүн баса белгиледи.
Малики дрондор кайдан учурулганы жана окуяда курмандыктар же кыйроолор болгон-болбогону тууралуу маалымат берген жок.
Йеменде хуситтер 2014-жылдын сентябрь айында борбор шаар Сананы жана бир нече провинцияларды басып алгандан бери жарандык согуш жүрүп жатат.
Сауд Арабиясы жетектеген Араб коалициясы 2015-жылдын мартынан бери эл аралык деңгээлде таанылган Йемен өкмөтүн колдоп келет.
Акыркы учурда өкмөттүк күчтөр менен кагылышууларын күчөткөн хуситтер Сауд Арабиясына баллистикалык ракеталар жана дрондор менен сокку уруп жатышат.





















