Израилдин коргоо министри Исраил Кац Ливандын түштүгүндөгү 700 чарчы чакырым аймакта 60тан ашык айылды талкалап, 200 миң жаранды жер которууга мажбурлашканын билдирди.
Кац бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Израиль Ливандын түштүгүндөгү 700 чарчы чакырым аймакты басып алууну көздөп жатат. Бул аймак батышта Жер Ортолук деңизинин жээгинен башталып, чыгышта Бофорт чебине, Али эт-Тахир тоо кыркасына жана Хермон тоосуна чейин созулат.
Кац Израиль армиясынын басып алган «сары сызыктын» түштүгүндө жашаган 200 миң ливандыкты көчүрүп, аймактагы 60тан ашык айылда 23 миң үйдү талкалаганын белгиледи.
Кац «Хизбулла» куралсыздандырылмайынча Израиль армиясынын Ливандын түштүгүндөгү басып алган аймактарын кеңейтүүнү улантарын билдирди. Мындан тышкары, Түндүк Израилге кол салуулар болгон учурда Бейрутка сокку уруларын эскертти.
Кац «Хизбулла» Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун кайра күчөшүнө кийлигишсе, ага оор сокку уруларын эскертип, Израиль армиясы Ливандын түштүгүндөгү Набатия провинциясы менен Литани дарыясына чейинки аймакты басып алууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Израилдин Ливандагы чабуулдары жана ок атышпоо процесси
Израиль армиясы 2-мартта Ливанга катуу аба соккуларын жасап, өлкөнүн түштүгүндөгү ондогон шаарларды басып алган.
Ливан өкмөтүнүн маалыматына караганда, Израилдин чабуулдарынан улам өлкөдө жер которгондордун саны бир миллиондон ашкан.
17-апрелде күчүнө кирген Ливан менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин мөөнөтү андан бери бир нече жолу узартылды.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-октябрда жарыялаган билдирүүсүндө, 2-марттан бери Израилдин чабуулдарынан кеминде 4 389 адам каза болгонун маалымдаган.
Ал эми 26-июнда Израиль менен Ливан АКШнын ортомчулугу астында чыр-чатакты токтотууга жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө багытталган «алкактык келишимге» кол коюшкан.
Келишимде Израилдин Ливандын оккупацияланган аймактарынан акырындык менен чыгып кетиши жана тараптардын сүйлөшүүлөрдү улантуусу каралган. Бирок келишимге карабастан, Израиль Ливандагы оккупациясын жана чабуулдарын улантууда.


























