Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы климаттык кризис кылымдын аягына чейин айрым аялуу аймактардагы суу ресурстарын болжол менен 25 пайызга кыскартышы мүмкүн экенин эскертти. Ал климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу багытында инвестицияларды көбөйтүүгө чакырды.
Министр бул тууралуу бейшемби күнү Антальяда БУУнун климаттык саммити — COP31дин алкагында өткөн мөңгүлөрдү коргоо, климаттык туруктуулук жана туруктуу каржылоо маселелерине карата жыйында билдирди.
Юмаклынын айтымында, температуранын жогорулашы жана буулануунун күчөшү Түркиянын суу ресурстарына, айыл чарба өндүрүшүнө жана азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн.
Юмаклы:«Биздин позициябыз ачык: кризистерге жооп кайтаруу менен гана чектелбестен, тобокелдиктерди алдын ала аныктап, аларды башкаруубуз керек», — деди.
Ошондой эле глобалдык температуранын жогорулашы мөңгүлөргө узак мөөнөттүү, айрым учурларда кайтарылгыс кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Юмаклы тоолуу аймактардагы кар жана муз запастары дарыялардын агымын жөнгө салууда жана жылдын ар кайсы мезгилинде суу менен камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.
Түркия суу ресурстарынын тобокелдиктеринин өсүшүнө туш болууда
Юмаклы Түркия Жер Ортолук деңиз бассейнинде жайгашкандыктан, климаттык кризистин таасирине өзгөчө дуушар болгон өлкөлөрдүн катарына кирерин белгиледи.
Анын айтымында, Түркиянын 25 дарыя бассейнин камтыган изилдөөсүндө климаттын өзгөрүшү суу ресурстарына 2100-жылга чейин кандай таасир этери бааланган.
«Биздин божомолдор боюнча, орточо температура 6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн», — деди министр.
Ал температуранын жогорулашы жана буулануунун күчөшү кылымдын аягына чейин Түркиянын жылдык пайдаланууга жарамдуу суу ресурстарын болжол менен 25 пайызга кыскартышы мүмкүн экенин эскертти.
Ошондой эле Юмаклы сууну үнөмдүү пайдаланууну жана климаттын өзгөрүшүнө даярдыкты күчөтүү максатында Түркия 2026–2035-жылдарга карата Улуттук суу планын ишке ашыра баштаганын белгиледи.
Суу ресурстарын башкаруу долбоорлоруна 1,4 миллиард доллардан ашык инвестиция салынды
Учурда Түркия тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелердин арасында Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылган 819 миллион долларлык сугат системасын модернизациялоо жана сууну үнөмдөө долбоору, 600 миллион долларлык суу ташкындарын жана кургакчылыкты башкаруу долбоору бар.
Юмаклы: "Мөңгүлөрдү коргоо тоолор менен азыктанган дарыяларды, айыл чарба өндүрүшүн, шаарларды жана келечек муундардын жашоосун коргоо дегенди билдирерин унутпайлы", - деди.





















