Жапониянын борбордук бөлүгүндө 5,7 баллга жеткен жер титирөө болуп, Айчи жана Сидзуока префектураларында 20дан ашык адам жаракат алды.
Киодо маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Жапониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) батыш Сидзуока префектурасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:04тө 5,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди.
Айчи жана Сидзуока префектураларында 20дан ашык адам жаракат алды.
Болжол менен 40 километр тереңдиктеги жер титирөөдөн кийин цунами жөнүндө эскертүү берилген жок, бирок жер титирөөдөн улам аймактагы айрым поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады.
Бийлик өкүлдөрү бул Айчиде акыркы 30 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгонун билдиришти.






















