Синжарда мамлекеттик бийликти толук орнотуу жана ПКК террористтик элементтердин жок кылынышына карата көрүлгөн кадамдарды улантуу боюнча түрк жана ирак бийликтеринин орток эрки тастыкталды.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы "Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсүн" бөлүштү.
Буга караганда, түрк жана ирак бийликтери 23-сентябрда эки өлкөнүн лидерлери жетишкен келишимге ылайык, Ирак органдары тарабынан Синжарда мамлекеттик бийликти толук орнотуу жана ПКК террористтик элементтеринин жок кылынышына карата көрүлгөн мактоого татырлык кадамдарды улантуу боюнча биргелешкен эрктерин ырасташты.
Түрк тарап лидерлердин деңгээлинде жетишилген келишимге ылайык, Башика-Зиликан базасын Ирактын федералдык өкмөтүнө акырындык менен өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жасай баштай турганын билдирди.
Тараптар ПКК террордук уюмунун жайгашуусунун толугу менен жоюуга багытталган Синжарда башталган процесстин жүрүшүн биргелешип ырастоо жана көзөмөлдөө максатында мурда макулдашылган Орток Коопсуздук Координациялык Комитетин активдештирүүнү чечишти.






















