Президент Режеп Тайип Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды.
Президенттик комплекстеги кабыл алуу жабык эшик артында өттү.
Кабыл алууга байланыштуу социалдык медиадагы билдирүүсүндө Эрдоган мындай деди:
"Бүгүн Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук менен жолугушуубузда глобалдык деңгээлдеги санариптик технологиянын келечегин жана Apple компаниясынын Түркиядагы санариптик тиркемелер экономикасына колдоосун талкууладык. Жолугушубуз Түркия үчүн да, Apple үчүн да пайдалуу болот деп үмүттөнөм".
Бир тараптан АКШнын технологиялык гиганты Apple кийинки муундагы контент жаратуучуларды, инновациялык ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле Түркиянын эл аралык тиркемелерди иштеп чыгуу жаатындагы алдыңкы борборлордун бирине айлануусуна жардам берүү үчүн Түркияга узак мөөнөттүү инвестицияларды салаарын жарыялады.



























