Судандын Түндүк жана Түштүк Дарфур штаттарында акыркы үч күндүн ичинде 5 275 адам коопсуздук абалынын начарлашынан улам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) билдиргендей, топтор Түндүк Дарфур штатындагы Ум Бару аймагына караштуу үч айылдан 5 035 адам шейшемби жана шаршемби күндөрү жер которгонун аныкташкан.
Билдирүүгө ылайык, Лил, Багаби жана Вади Анбар айылдарынан кеткен үй-бүлөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү чек арадан өтүп, коңшу Чадга баш калкалаган.
Мындан тышкары, дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин Түштүк Дарфур штатындагы Мершинг аймагында коопсуздук абалынын начарлашынан улам лагерлерден дагы 240 адам чыгып кеткен. Алардын көпчүлүгү Түндүк Дарфурдун Тавила аймагына баш калкалаганы кабарланды.
ЭМУнун маалыматына караганда, эки аймактагы коопсуздук абалы чыңалган бойдон калууда жана кырдаал туруксуз. Уюм окуялардын өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатат.
Буга чейин, 9-ноябрда жарыяланган билдирүүдө ЭМУ Түштүк Дарфурдун Мершинг, Ньяла жана Бали аш-Шариф аймактарын кошкондо, штаттын бир катар конуштарында ноябрь айынын башынан бери 1 585 адамдын жер которгонун маалымдаган.
Судандагы кагылышуулар
Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) ортосунда 2023-жылдын апрель айынан бери уланып жаткан куралдуу кагылышуу он миңдеген адамдардын өмүрүн алып, миллиондогон тургундарды үй-жайын таштап кетүүгө мажбур кылды.
RSF Дарфур аймагындагы беш штаттын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. Ал эми Түндүк жана Батыш Дарфурдун айрым аймактары Судан армиясынын көзөмөлүндө.
Судан армиясы өлкөнүн башка штаттарынын басымдуу бөлүгүн, анын ичинде борбор шаар Хартумду көзөмөлдөп келет.
Судан армиясы менен RSFтин ортосундагы кагылышуу 2023-жылы Ыкчам колдоо күчтөрүн армиянын курамына интеграциялоо маселеси боюнча пикир келишпестиктерден улам башталган. Куралдуу кагылышуулар өлкөдө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бирин жаратты.






















