ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Россиянын президенти Си Цзиньпин жана Дональд Трамп менен бейшемби күнү өтө турган саммиттин алдында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумунда (APEC ) «ультиматумдардын ордуна диалогго» чакырды.
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Путин 2026-жылдын 18-ноябрында Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өткөрүлгөн жолугушууга катышууда. / AP (Wire)

Шаршемби күнү Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (APEC) форумунда сөз сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин "экономикалык кысым көрсөтүү куралдары" эми "өткөн мезгилде калганын" айтты.

Дүйнөдө терең өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеген Путин аймактык кызматташтык адилеттүү, демократиялык жана тең укуктуу дүйнөлүк тартипти чыңдоого салым кошоорун айтты. Бир кезде үстөмдүк кылган державалар ийгиликтүү өлкөлөрдүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууга аракет кылышканын жана аймак өлкөлөрүнүн мамлекет, эл жана социалдык-экономикалык эгемендүүлүгүн чыңдоого багыт алып жатканын айтты.

Россия туш болгон санкцияларга токтолгон Путин санкциялар, тарифтер жана экспорттук чектөөлөр өнүгүүгө тоскоол болуп жатканын, бирок экономикалык өсүштү толугу менен токтото албастыгын белгледи.

Путин азыркы глобалдык шарттар "үстөмдүктүн ордуна теңчиликти, обочолонуунун ордуна өнөктөштүктү жана ультиматумдардын ордуна диалогду" талап кылаарын баса белгилеп, APEC эл аралык байланыш үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын белгиледи.

Путин APECтин экономикалык лидерлеринин 33-жыйынынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Эки лидер бейшемби күнү өтүүчү үч тараптуу саммиттин алдында энергетика, каржы, Украина жана Түндүк Корея маселелерин талкуулашары күтүлүүдө, ага АКШнын президенти Дональд Трамп да катышат деп күтүлүүдө.

Си Цзиньпин да APEC жыйынынын ачылышында жасалма интеллект жана эркин соода тармагында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Кытайдын тарифтерди төмөндөтүү жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу комплекстүү реформаларды ишке ашыраарын билдирди.

Си Цзиньпин ошондой эле Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди