Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун эл аралык федерациясы (IFRC) Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болуп жатканын, палестиналыктар үчүн жалгыз баш калкалоочу жай болгон чатырлар нөшөрлөгөн жамгыр, сел жана шамалдан улам талкаланганын билдирди.
IFRC өзүнүн X социалдык медиа аккаунтунда Израилдин чабуулу жана блокадасы астында турган Газадагы катаал кышкы шарттар тууралуу пост бөлүштү.
Постто чатырлар көп учурда Газадагы үй-бүлөлөрдүн жалгыз баш калкалоочу жайы экени белгиленип, "Нөшөрлөп жааган жамгыр, сел жана катуу шамал азыр муну да талкалап жатат. Жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка дуушар болуп, баш калкалоочу жайларынан жана буюмдарынан ажырап жатышат" деп айтылды.
Палестинанын Кызыл Жарым Ай топтору шашылыш жардам чакырууларына жооп берип жатканы маалымдалган билдирүүдө, учурдагы жүктөрдүн жана ресурстардын эбегейсиз муктаждыктарды канааттандыра албаганы баса белгиленди.
Билдирүүдө: "Газага зарыл гуманитардык жардам жеткирилиши керек. Алдыңкы саптагы топтор үй-бүлөлөргө баш калкалоочу жай, жылуулук жана өмүрдү сактап калуучу камкордук менен камсыз кылуу үчүн ресурстарга муктаж", - деп кабарланды.























