ТҮРКИЯ
5 мүнөт окуу
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Түркия менен Катар президент Режеп Таййип Эрдоган жана эмир Тамим бин Хамед Аль-Танинин жолугушуусунан кийин соода, билим берүү жана дипломатия тармактарын камтыган дагы төрт келишимге кол коюшту.
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Түркия менен Катар Эрдоган менен Аль Танинин жолугушуусунан кийин Стамбулда беш келишимге кол коюшту. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль-Танинин катышуусунда эки өлкөнүн ортосунда беш келишимге кол коюлду.

Келишимдерге кол коюу аземи Стамбулдагы Долмабахче президенттик кеңсесинде Эрдоган менен Аль-Танинин жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин өттү.

Кол коюу аземи Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 12-жыйынынын алкагында уюштурулду.

Келишимдердин бири керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, рынокту көзөмөлдөө жана текшерүү тармагындагы кызматташтыкты камтыйт. Документке Түркиянын соода министри Өмер Болат жана Катардын соода жана өнөр жай министри шейх Файсал бин Тани бин Фейсал Аль-Тани кол коюшту.

Ошондой эле эки өлкө билим берүү тармагындагы кызматташтык, тынчтыкты орнотуу, элдешүү жана чыр-чатактарды чечүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюшту.

Мындан тышкары, Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 12-жыйынынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Документтерге Тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Катардын Премьер-министри жана Тышкы иштер министри Аль Сани кол коюшту.

Түркия-Катар Жогорку Стратегиялык Комитетинин 12-жыйынынын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды

Билдирүүгө ылайык, жыйын Стамбул шаарында Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль-Санинин төрагалыгында өттү. Ага эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары боюнча жооптуу министрлер да катышты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү максатын дагы бир жолу ырасташты. Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана диверсификациялоо, бул багытта Соода-экономикалык өнөктөштүк келишиминин (TEPA) мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, тараптар Катардын Түркияга салган инвестицияларына оң баа беришти. Ошондой эле түрк подряддык компанияларынын Катарда жалпы суммасы 20,8 миллиард долларды түзгөн 206 долбоорду ишке ашырганын белгилешти.

Эки өлкө экономикалык жана соода кызматташтыгын мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Түркия менен Катардын экономикалык кызматташтык комиссиясынын 7-жыйыны Дохада өтөт

Түркия менен Катар экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын 7-жыйынын Доха шаарында мүмкүн болушунча тез арада өткөрүүгө макулдашты.

Бул тууралуу эки өлкөнүн Жогорку стратегиялык комитетинин 12-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жарыяланган биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Документте Түркия менен Катардын биргелешкен экономикалык жана соода комитетинин (JETCO) эки өлкөнүн соода карым-катнаштарын өнүктүрүүдөгү мааниси белгиленип, экинчи жыйынын Дохада өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканы маалымдалды.

Ошондой эле 2018-жылы кол коюлуп, 2025-жылдын 1-августунда күчүнө кирген Соода-экономикалык өнөктөштүк келишими (TEPA) эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүгө багытталганы белгиленди.

Келишим соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн алмашуусун жеңилдетүүгө жана өз ара инвестицияларды колдоого багытталган.

Түркия менен Катар өз ара коргонуу кызматташтыгын күчөтөт

Түркия менен Катар коргонуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн Жогорку стратегиялык комитетинин 12-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жарыяланган биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Билдирүүдө тараптар жалпы коопсуздук маселелерин стратегиялык артыкчылык катары карап, коргонуу тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө милдеттенме алышканы белгиленген.

Ошондой эле Түркия менен Катардын ортосундагы өз ара коргонуу келишимине кол коюу кубатталган. Аталган келишим эки өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, аймактык коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоого жана тышкы куралдуу агрессияга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

Тараптар келишимдин эки өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча милдеттенмелерин чагылдырарын белгилешти. Мындан тышкары, коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайлар боюнча кеңешмелерди өткөрүү, биргелешкен аскердик машыгууларды уюштуруу, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана аскер кызматкерлерин даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу макулдашылды.

Мындан тышкары, Түркия, Катар, Пакистан жана Индонезия кол койгон Бадр келишими да кубатталды. Келишимдин максаты — өлкөлөрдүн ички мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аркылуу коргонуу муктаждыктарын биргелешип камсыздоо.

Газага гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерин координациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Түркия менен Катар Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү, аймакты калыбына келтирүү жана кайра куруу аракеттерин координациялоого макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн Жогорку стратегиялык комитетинин 12-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жарыяланган биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Билдирүүдө тараптар кармалган бардык гуманитардык жардам кызматкерлерин жана БУУнун кызматкерлерин тез арада жана эч кандай шарт койбостон бошотууну талап кылышканы белгиленген.

Ошондой эле Газага гуманитардык жардамдын толук, коопсуз жана тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздоо, баш калкалоочу жайлардын санын көбөйтүү жана аймакты калыбына келтирүү боюнча тыгыз кызматташууга макулдашылган.

Тараптар кыш мезгилиндеги суу ташкындары палестиналыктардын ансыз да оор абалын ого бетер начарлатканын белгилеп, шашылыш чараларды көрүүгө чакырышты.

Израилди милдеттенмелерин аткарууга чакырышты

Биргелешкен билдирүүдө Түркия менен Катар Израилди ок атышууну токтотуу келишиминин жана эл аралык укуктун талаптарын толук аткарууга чакырышты. Ошондой эле жарандарды коргоонун жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишинин мааниcин белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар Израилдин басып алынган Батыш Шериадагы, анын ичинде Чыгыш Кудстагы мыйзамсыз конуш саясатын, зомбулук аракеттерин, жерлерди тартып алууну жана палестиналыктарды мажбурлап көчүрүүнү айыпташты.

Түркия менен Катар Аль-Акса мечитинин тарыхый жана укуктук макамын өзгөртүүгө багытталган аракеттерди четке кагышты. Алар мечиттин 144 дум аянты толугу менен мусулмандардын сыйынуусуна арналганын жана анын башкаруусуна Иерусалимдеги Вакф жана Аль-Акса иштери боюнча башкармалык жооптуу экенин дагы бир жолу ырасташты.

Сириянын эгемендүүлүгүн колдошту

Билдирүүдө тараптар Сирияда туруктуулукту калыбына келтирүү, мамлекеттик институттарды чыңдоо жана сириялыктар жетектеген инклюзивдүү саясий процессти колдоо зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле эл аралык коомчулукту Израилдин Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузган аракеттерин токтотууга, 1974-жылдагы ок атышууну токтотуу келишимин сактоого жана басып алынган Сирия аймактарынан Израиль күчтөрүн чыгарууга чакырышты.

Аймактык жаңжалдарды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырык

Түркия менен Катар АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну жана анын аймакка тийгизген кесепеттерин диалог жана дипломатия аркылуу чечүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле аймактагы бардык мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө, жарандарды жана жарандык инфраструктураны коргоого чакырышты.

Тараптар Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз жана тоскоолдуксуз өтүүсүн толук калыбына келтирүүнү колдоп, мыйзамдуу кеме жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан бардык чараларга каршы экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, Израилдин Ливандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузган аракеттерин айыптап, Ливандын өкмөтү жана эли менен тилектештигин билдиришти.

Йемендин биримдигин сактоого чакырышты

Биргелешкен билдирүүдө Түркия менен Катар Йемендин биримдигин, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүн колдой тургандыктарын ырасташты.

Ошондой эле Сауд Арабиядагы жарандарга жана жарандык инфраструктурага, Кызыл деңиз менен Баб-эль-Мандеб кысыгындагы коммерциялык кемелерге хуситтер тарабынан жасалган чабуулдарды айыпташты.

Тараптар Йемендеги жаңжалды туруктуу саясий жол менен жөнгө салуу үчүн БУУ менен кызматташууну күчөтүүгө чакырышты.

Иликте
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү