Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Виткофф жана Жаред Кушнер Украинадагы кризисти жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашканын билдирди.
Москвада журналисттерге маалымат берген Ушаков Путиндин америкалык өкүлдөр менен жолугушуусун «ар тараптуу, конструктивдүү жана пайдалуу» деп мүнөздөдү.
Ушаков жолугушуунун ар тараптуу, конструктивдүү жана пайдалуу болгонун билдирип, буларды кошумчалады:«Учурдагы коопсуздук системасы иштебей жатканы ачык. Европалык өкүлдөр да бөлүнгүс коопсуздук жана тынчтык принциптерине негизделген жаңы, узак мөөнөттүү системанын параметрлерин аныктоо аракетин колдойт деген үмүттөбүз. Бул маселе боюнча америкалык өкүлдөр менен дароо иштөөгө даярбыз».
Ушаков 2021-жылы Россия АКШга жана НАТОго коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимдердин долбоорлорун сунуштаганын эске салды. Анын айтымында, документтерде НАТОнун мындан ары кеңейишине жол бербөө, Россиянын чек араларына коркунуч жараткан курал-жарак системаларын жайгаштырбоо, ошондой эле альянстын аскердик күчтөрүн Россия-НАТО Негиздөөчү актысына кол коюлган учурдагы тартипке ылайык жайгаштыруу каралган.
Ушаков Россия бул маселелер боюнча сунуштарга жаңы идеяларды кошууну көздөп жатканын белгиледи. Ошондой эле а Батышты Киев бийлигин сактап калуу максатында Россияны стратегиялык жактан жеңүүгө аракет кылып жатат деп айыптады.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда белгилүү бир жылыштарга жетишилгенин билдирди.
Москвада Внуково аэропортунда журналисттерге маек берген Виткофф АКШ, Россия жана Украинанын катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирип:«Көпчүлүк үч тараптуу сүйлөшүүлөр кайра башталат деп ойлогон эмес. Бирок биз аларды кайра жандандырууга макулдаштык жана кийинки жолугушуунун күнүн белгиледик», — деди.
Виткофф кийинки сүйлөшүүлөргө европалык өкүлдөрдүн да катышарын ырастап, мунун маанисин баса белгилед.
Ал эми Трамптын күйөө баласы жана атайын өкүлү Жаред Кушнер жолугушууда бардык маселелер кеңири талкууланганын айтты.
«Жалпысынан бардык маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүздүк деп ойлойм. Бул сүйлөшүүлөр келечектеги көп тараптуу жолугушууларга өбөлгө түзөт деген үмүттөмүн», — деди Кушнер.
АКШнын өкүлдөрү Ирландиянын Дублин шаарына барып, Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Москвадагы жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берери күтүлүүдө.





















