Оллонгрен бул тууралуу ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Калластын ордуна Брюсселдеги Европа Парламентинде өткөн Шуман коопсуздук жана коргонуу форумунда сөз сүйлөдү.
Оллонгрен Россиянын буга чейинки аракеттери анын келечектеги милдеттенмелерине ишенүүгө негиз бербей турганын белгилеп, ыктымалдуу тынчтык келишими жөн гана саясий декларация менен чектелбеши керектигин айтты.
Оллонгрен тынчтык келишими Россиянын Украинаны кайра куралдандырып, кайрадан кол салуусуна жол бербөөчү кепилдиктерди камтышы керектигин белгилеп:«Сокур ишеним — бул жөн гана коркунуч жок кездеги кыял»,- деди.
Ал эл аралык укукту бузган мамлекеттер жоопкерчиликке тартылбаса, башка өлкөлөр да ушундай кадамдарга барышы мүмкүн экенин эскертип, дүйнөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң көп куралдуу кагылышуулар болуп жатканын белгиледи.
Оллонгрен ЕБнын Эл аралык кылмыш сотун (ЭКС) колдой турганын жана Украинага каршы агрессия кылмышын териштирүү үчүн атайын сот түзүү сыяктуу жаңы механизмдерди жактай тургандыгын айтты.
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин коргонуу чыгымдары 400 миллиард евродон ашты
Оллонгрен Европа Биримдигинин ишенимдүү коопсуздук өнөктөшү болуу үчүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоосу керектигин айтып, мүчө мамлекеттердин жалпы коргонуу чыгымдары 400 миллиард евродон ашаарын, бул Биримдиктин ички дүң продуктунун (ИДП) 2,2 пайызына туура келерин белгиледи.
Акыркы 20 жылда Европа Биримдигинин аскердик жана жарандык операцияларына 45 өлкө персоналдык, операциялык кубаттуулук жана эксперттик колдоо көрсөткөнүн жана Түркиянын бул салым кошкон өлкөлөрдүн катарына киргендигин айтты.




















