Медиа кеңсесинин билдирүүсүндө Израиль армиясы Газанын борбордук бөлүгүндө «палестин элине каршы жасаган согуш кылмыштары жана геноцид боюнча кылмыштар тизмесине дагы бир кылмышты кошкону» белгиленди.
Окуялардын «жай тургундарды системалуу түрдө мажбурлап жер котортуу кылмышы» экендиги белгиленди.
Билдирүүдө жер которуу учурлары «Сары сызык» аймагында, айрыкча Нусейрат жана Бурейж качкындар лагерлеринде күч алганы айтылды.
Ошондой эле Салах ад-Дин көчөсүнүн жабылышы, жай тургундардын жана гуманитардык жардам кызматкерлеринин кыймыл-аракетине катуу аскердик чектөөлөрдүн киргизилиши аймактын тургундарын көчүүгө мажбурлаганы белгиленди.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Газадагы борбордук аймакта 1 500дөн ашуун үй-бүлө, башкача айтканда, 6 миңден ашык палестиналык кол салуулардан жабыркаган.
Билдирүүдө Израиль армиясы бомбалоолор жана мажбурлап эвакуациялоо тууралуу эскертүүлөр аркылуу палестиналыктарды кайрадан жер которууга мажбурлап жатканы айтылды. Ошондой эле негизги жашоо шарттары дээрлик толугу менен жоюлуп, карапайым тургундар баш калкалай турган коопсуз жай калбаганы баса белгиленди.
Ал эми Израиль армиясы Газадагы борбордук аймакта кечээ баштаган чабуулдун аяктаганын жана Салах ад-Дин көчөсү кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылганын билдирген.




















