Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) негизделишинин 43 жылдыгын белгилеп, ТКТР улуу түрк элинин ажырагыс бөлүгү болгон кипрлик түрктөрдүн эч качан эгемендүүлүгүнөн, эркиндигинен баш тартпагандыгынын жана баш тартпай тургандыгынын далили экенин билдирди.
Министрлик социалдык медиа аккаунтунда ТКТРнын түзүлүшүнүн 43 жылдыгына байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө: «Кипр түрктөрүнүн эгемендик жана жашоо үчүн күрөш тарыхынын эң маанилүү символу болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 43 жылдыгы кут болсун! Түндүк Кипр Түрк Республикасы — улуу түрк улутунун ажырагыс бөлүгү болгон кипрдик түрктөрдүн эгемендигинен жана эркиндигинен эч качан баш тартпагандыгынын жана мындан ары да баш тартпай тургандыгынын далили»,- деп айтылды.
Ата мекендин жана кепил Түркиянын күчтүү колдоосу менен Кипр түрк эли өз мекенинде түбөлүккө даңазалуу желегинин астында эркиндикте жана коопсуздукта жашоону улантары белгиленген билдирүүдө төмөнкүлөр кошумчаланды:
«Бул ардактуу күнү биз маркум доктор Фазыл Күчүктү жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчү президенти маркум Рауф Раиф Денкташты ыраазычылык жана урмат-сый менен эскеребиз, бул күрөштө шейит болгон аскерлерибизди жана мужахиддерди Жараткан Алланын ырайымына тапшырып, терең ыраазычылык билдиребиз».























