Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран Палестина мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн 38 жылдыгына карата NSosyal социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жарыялады.
Дуран 1988-жылдын 15-ноябрында Палестина мамлекетинин түзүлүшү палестиналыктардын эркиндикке жана өз тагдырын өзү аныктоого болгон эркинин тарыхый көрүнүшү болгонун белгиледи.
Ошондой эле Түркия Палестинаны ошол эле күнү таанып, анын адилеттүү күрөшүн колдогонун эске салды.
«Арадан 38 жыл өткөнүнө карабастан, Газадагы геноцид жана оор гуманитардык кырдаал Палестина элинин көз карандысыз жана эгемендүү мамлекетте тынчтыкта жана коопсуз жашоо укугун камсыз кылуу мындан ары кийинкиге калтырылгыс милдет экенин көрсөтүп турат.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында Түркия 1967-жылдагы чек аралардын негизинде, борбору Чыгыш Кудс болгон, аймактык бүтүндүгү сакталган көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү, ошондой эле аймакта туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн Палестина элин колдоону улантат», — деп жазды Дуран.
Ал Палестина мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн 38 жылдыгы менен куттуктап, палестиналык бир туугандарына эркиндикке жана бейпилдикке толгон келечек каалады.






















