Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) түзүлгөндүгүнүн 43 жылдыгына карата өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.
Президент Эрдоган билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 43 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баатыр шейиттерибизди терең кайгыруу менен эскерип, ардагерлерибизге ыраазычылык билдирем.
Бардык тармактарда өз ара тилектештигибизди мындан ары да бекемдөөнү уланта турган кипрлик түрк боордошторума саламымды жана жакшы каалоо-тилектеримди жолдойм.
Кипр — биздин улуттук маселебиз. Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз».























