ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
Президент Эрдоган кабыл алууда Түркия катары COP31 төрагалыгын өткөрүп алгандарына кубанычта экендерин, конференциянын ийгиликтүү өтүшү үчүн зарыл болгон даярдыктарды көргөндөрүн айтты.
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунда аймактык жана глобалдык маселелер талкууланганын жарыялады.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Эрдоган БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Антальяда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 31-Тараптар конференциясынын (COP31) Лидерлер саммитинде жолугушту. 

Аймактык жана глобалдык маселелер талкууланган кабыл алууда президент Эрдоган Түркия катары COP31 төрагалыгын өткөрүп алгандарына кубанычта экендерин, конференциянын ийгиликтүү өтүшү үчүн зарыл болгон даярдыктарды көргөндөрүн жана Түркиядагы жыйын климатка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы башталыш чекити болот деп үмүттөнгөндөрүн билдирди.

Эрдоган Түркия аймактык өлкөлөр менен биргеликте Иран-АКШ чыңалуусун басаңдатуу, көйгөйлөрдү макулдашуу жана дипломатия аркылуу чечүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерин улантып жатканын айтты. 

Президент Эрдоган ошондой эле Украина-Орусия согушун токтотуу үчүн да иштеп жатышканын, жаңы диалог процессин колдоого даяр экенин маалымдады. 

Эрдоган менен Гутерриш жолугушууда Газа, Кипр жана Ливиядагы акыркы окуяларды да талкуулашты.

Иликте
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды
Президент Эрдогандын Азербайжандын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түркия Польшадагы террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда