Россиянын Федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында Москванын төрт аэропортунда учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөөлөр киргизилгенин билдирди.
Шереметьево аэропортунун билдирүүсүндө абадан кол салуу коркунучу тууралуу эскертүү берилип, жүргүнчүлөрдүн жакынкы коопсуз аймактарга жана баш калкалоочу жайларга жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Ошондой эле терминалдардын ичиндеги стерилдүү аймактарга кирүү убактылуу чектелип, жүргүнчүлөргө терезелерден алыс болуу жана аэропорт кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткаруу эскертилди.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Россиянын абадан коргонуу системалары шаарга жакындап келе жаткан дрондорду атып түшүрүүнү улантып жатканын билдирди.
Собяниндин айтымында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:22ге карата Москвага багыт алган 17 дрон атып түшүрүлгөн. Дрондордун калдыктары түшкөн жерлерде тиешелүү кызматтар иш алып барууда.


























