Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Ташкенттеги Конгресс борборунда өткөн Түркия-Өзбекстан ишкердик кызматташтыгын колдоо боюнча биринчи жогорку деңгээлдеги кеңештин жыйынына катышты. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана президенттик администрациясынын башчысы Саида Мирзиёева да катышты.
Дүйнөдөгү өзгөрүп жаткан шарттарда мамлекеттер туш болгон татаал көйгөйлөрдү эч бир өлкө жалгыз чече албасын белгилеген Йылмаз Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээли тарыхый жана маданий байланыштарга гана негизделбестен, эки элдин келечеги үчүн чоң жоопкерчиликти да жүктөй турганын айтты.
«Биз ортобуздагы бекем байланыштарды ийгиликтүү экономикалык өнөктөштүккө, биргелешкен инвестицияларга жана стратегиялык кызматташтыкка айландырууну каалайбыз», — деди Йылмаз.
Анын айтымында, Түркия-Өзбекстан ишкердик кызматташтыгын колдоо боюнча кеңеш өткөн айда Анкарада Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн.
Йылмаз кеңештин эки өлкөнүн ортосунда учурдагы кызматташтык механизмдерин толуктап, президенттер белгилеген соода жүгүртүүнүн көлөмүн кыска мөөнөттө 5 миллиард долларга, ал эми орто мөөнөттө 10 миллиард долларга жеткирүү максатын ишке ашырууга көмөк көрсөтөрүнө ишеним билдирди.
Ал Түркияда түрк капиталынын катышуусунда болжол менен 2400 компаниянын иш алып барарын, ошондой эле түрк подряддык компаниялары бүгүнкү күнгө чейин жалпы наркы 9,5 миллиард долларды түзгөн 350гө жакын долбоорду ишке ашырганын белгиледи.
Йылмаз: «Биздин компаниялар экономикалык өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалын түзөт», — деди.
Йылмаз түрк инвесторлорун Өзбекстандын экономикасына бардык тармактарда, айрыкча өнөр жай, курулуш, текстиль, энергетика, технология, айыл чарба, тамак-аш жана тейлөө тармактарында салым кошууга чакырарын билдирди.




















