Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага жасаган чабуулдарында катталган өлүмдөр боюнча акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.
Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газада акыркы 24 саатта ооруканаларга 8 адамдын сөөгү жана 29 жарадар адам жеткирилгени кабарланды.
2025-жылдын 10-октябрында Газада ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден бери Израилдин чабуулдарынан 1622 адам каза болуп, 5878 адам жаракат алды; ошол эле мезгилде урандылардын астынан 850 адамдын сөөгү табылганы айтылды.
2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун жалпы саны болсо 74 653кө, ал эми жаракат алгандардын саны 176 миң 7ге жетти.
Газа тилкесинде дагы деле миңдеген адамдардын сөөгү урандылардын астында экени болжолдонууда.






















