ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Дурандын 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт күнүнө карата куттуктоосу
Дуран:«Жаштарыбыздын чечкиндүүлүгү, эмгекчилдиги жана өз өлкөсүнө болгон берилгендиги күчтүү жана чоң Түркия максатына жетүүнүн эң маанилүү таянычтарынын бири»,-деди.
Дурандын 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт күнүнө карата  куттуктоосу
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран: «Жаштарыбыздын талыкпаган эрки, эмгекчилдиги жана өлкөсүнө болгон берилгендиги күчтүү жана чоң Түркия максатынын эң маанилүү таянычтарынын бири. Илимде, технологияда, спортто жана жашоонун ар бир тармагында көрсөтүп жаткан жетишкендиктери эртеңкиге болгон үмүтүбүздү андан да чоңойтту»,-деп билдирди.

Дуран 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамынын урматына NSosyalдеги эсебинен билдирүү жарыялады.

19-май бир элдин эркиндик үчүн күрөшүндө көрсөтүлгөн чечкиндүүлүктүн, ишенимдин жана кайрадан жаралуусунун символу экенин баса белгилеген Дуран билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү жазды:

«Самсунда жандырылган азаттык шамы элдин биргелешкен эрки менен кыска убакытта азаттык күрөшүнүн эң күчтүү символуна айланган.

Жаштарыбыздын талыкпаган эрки, эмгекчилдиги жана өлкөсүнө болгон берилгендиги күчтүү жана улуу Түркия максатынын эң маанилүү таянычтарынын бири.

Илимде, технологияда, спортто жана жашоонун ар кандай тармактарында көрсөтүп жаткан жетишкендиктери эртеңки үмүтүбүздү дагы да чоңойтууда.

Гази Мустафа Кемал Ататүрк баштаган Улуттук Азаттык күрөшүнүн бардык баатырларын ыраазычылык жана урмат менен эскерем; 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамын куттуктайм».

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды