Минисрликтен берилген маалыматта Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Одесса облусунда порттордун жана логистикалык борборлордун ишин камсыздаган эки трансформатордук көмөкчордон, Черноморск портунда күйүүчү май сактоочу инфраструктуралык объектилер жана деңиз аркылуу аскердик жүк ташыган кеме соккуга кабылган.
Мындан тышкары, Сумы шаарындагы трансформатордук көмөкчордон да бутага алынганы белгиленди. Чабуулдарда учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган.
СУНУШТАЛАТ
Ошондой эле министрлик түн ичинде Украинанын 53 учкучсуз учуучу аппараты Россиянын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганын билдирди.
.




















