Дүйнөлүк Экономикалык Форум (ДЭФ) аялдардын бизнес жана мамлекеттик башкаруудагы жетекчилик кызматтарда өкүлчүлүгү акыркы 20 жылда өскөнүнө карабастан, гендердик теңчиликке толук жетүү үчүн дагы 120 жыл талап кылынышы мүмкүн экенин билдирди.
ДЭФтин быйыл 20-жолу жарыяланган «Глобалдык гендердик ажырым 2026» отчетунда 145 өлкөдөгү гендердик теңсиздиктин өзгөрүшү төрт багыт боюнча каралды. Алар: экономикалык катышуу жана мүмкүнчүлүктөр, билим берүү, ден соолук жана жашоо, ошондой эле саясий мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Отчетко ылайык, дүйнөлүк гендердик ажырымдын 69,2 пайызы жоюлган.
Отчетко ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 0,4 пайызга өскөн. Гендердик ажырым толугу менен жоюлуп, 100 пайызга жетиши үчүн болжол менен 120 жыл талап кылынат.
Отчетто аялдардын саясий мүмкүнчүлүктөрү 2006-жылдан кийин кеңейгени менен, бул көрсөткүч 2016-жылдан тарта кайра төмөндөй баштаганы белгиленди.
Ишкердик чөйрөсүндө аялдар жогорку жетекчилик кызматтарга жетишкенине карабастан экономикалык жана саясий таасири жогору кызматтарда азыр да аз өкүлчүлүккө ээ. Аялдар жогорку жетекчилик кызматтардын 19,1 пайызын ээлейт, ал эми аялдар ээлеген министрлик кызматтардын ондон бири гана таасири жогору кызматтарга кирет.
Ошондой эле аялдар жасалма интеллект инженерлеринин бештен биринен азын түзүп, жасалма интеллект компанияларынын бардык деңгээлдеринде аз өкүлчүлүккө ээ.
Исландия 17 жыл катары менен гендердик теңчилик боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 93 пайызды түздү. Бул көрсөткүч Финляндияда 87,2 пайыз, Норвегияда 85,7 пайыз болду.
Алардан кийинки орундарда Намибия — 84,5 пайыз, Улуу Британия — 84,2 пайыз, Жаңы Зеландия — 82,8 пайыз, Швеция — 82,3 пайыз, Австралия — 81,9 пайыз, Германия — 81,7 пайыз жана Ирландия — 81,4 пайыз менен жайгашты.
Австралия быйыл биринчи жолу алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди.





















