Тегеран менен Вашингтондун ортосунда сүйлөшүүлөрдүн алдыга жылып жатканы тууралуу белгилер болгонуна карабастан, согуш талаасында аскердик чыңалуу күч алууну улантууда. Акыркы сааттарда Ормуз кысыгында жана айланасындагы куралдуу кагылышуулар аймактагы коопсуздук кооптонууларын дагы да арттырды.
АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) Ормуз кысыгынын үстүнөн учуп өткөн Иранга таандык 4 дрондун америкалык күчтөр тарабынан атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Билдирүүдө маалымдалгандай, АКШ күчтөрүнө карата жасалышы мүмкүн болгон чабуулдарды алдын алуу максатында Ирандын Горук жана Кешм аралындагы жээкти көзөмөлдөөчү радар системалары да бутага алынган. CENTCOM аталган операциялардын видео жана сүрөттөрүн коомчулук менен бөлүштү.
Иран баллистикалык ракета менен жооп берди
АКШнын соккулары тууралуу кабарлардан кийин Кувейт жана Бахрейнде жайгашкан Американын аскердик базаларында кооптуулук сигналдары (сирена) жаңырды. Ирандын Ислам революциячыл сакчылар корпусу АКШнын бул аракеттерине жооп катары аталган эки өлкөдөгү Американын аскердик объектилери баллистикалык ракеталар менен бутага алынганын жарыялады.
Революциячыл сакчылар корпусу АКШнын “агрессивдүү аракеттери” улантыла турган болсо, Ормуз кысыгынын мунай жана жаратылыш газын экспорттоо үчүн толугу менен жабылары эскертилип, пайда боло турган глобалдык кесепеттер үчүн түздөн-түз АКШнын жооптуу болору баса белгиленди.
Ракеталардын көбү бөгөттөлдү
CENTCOM Ирандын жооп кайтаруу чабуулуна байланыштуу акыркы маалыматтарды бөлүштү. Билдирүүдө Иран тараптан Кувейт жана Бахрейндеги аскердик базаларды көздөй жалпысынан 7 баллистикалык ракета атылганы билдирилди. АКШнын абадан коргонуу системалары бул ракеталардын 6сын абадан ийгиликтүү жок кылганы, ал эми 1 ракета көздөгөн бутасына жетпей кулаганы маалымдалды.
Аймактагы дипломатиялык булактар бир тараптан сүйлөшүү столунда алдыга жылууга аракет жатса бир тараптан согуш аянтындагы аскердик кагылышуулардын болушу аймактагы тең салмактуулукту бузушу мүмкүн экенине көңүлдөрдү бурушууда.


















