Президент Режеп Таййип Эрдоган өткөн жылы Түркия 180 өлкө жана аймакка 10 миллиард доллардан ашык коргонуу жана аэрокосмостук продукция экспорттогонун билдирди.
Эрдоган Стамбулда өткөн «TİM 13-инновациялык жумалыгына» катышты.
Эрдоган технологиялык жарышта артта калбоо максатында жасалган иштерге токтолуп: «Улуттук технологиялык демилгебиздин алкагында дүйнөдө саналуу гана өлкөлөрдө бар болгон ири изилдөө, иштеп чыгуу жана инновациялык инфраструктураны курдук. 24 жыл мурун саналуу болгон технопарктарыбыздын саны азыр 115ке жетти. Түркиянын изилдөө жана иштеп чыгууга жумшаган чыгымдарын 2002-жылдагы 1,2 миллиард доллардан 20 миллиард долларга чейин көбөйттүк», — деди.
Эрдоган Түркиянын жасалма интеллект боюнча иш-аракеттер планынын алкагында 2030-жылга чейин маалымат борборлорунун жалпы кубаттуулугу кеминде 1 гигаваттка жеткирилерин билдирди.
Эрдоган: «Маалымат борборлоруна, булуттук эсептөөлөргө жана жасалма интеллект инфраструктурасына жеке сектордун жетекчилиги астында кеминде 10 миллиард доллар инвестиция тартууну максатк ылуудабыз. Акылдуу тил моделибиз аркылуу түрк жасалма интеллект чечимдерин ар түрдүү тармактарда өнүктүрүүгө жана кеңири колдонууга жол ачабыз», — деди.
Президент ошондой эле өткөн жылы Түркия 180 өлкө жана аймакка 10 миллиард доллардан ашык коргонуу жана авиациялык продукция экспорттогонун айтты.
«2026-жылдын январь-сентябрь айларында экспортубуз өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6 пайызга өсүп, 6,9 миллиард долларга жетти», — деди ал.






















