СПОРТ
2 мүнөт окуу
Түркиянын аялдар волейбол командасы Дүйнөлүк финалга чыкты
"Тордун султандары" жекшемби күнү боло турган беттеште Италия же Бразилия менен беттешет.
Түркиянын аялдар волейбол командасы  Дүйнөлүк финалга чыкты
Түркиянын волейбол командасы / AA

Түркиянын аялдар арасындагы волейбол боюнча улуттук курама командасы Таиланддын Бангкок шаарында өткөн 2025 FIVB аялдар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Японияны 3-1 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу турнирдин финалына чыкты.

Япония оюнду күчтүү баштап, биринчи сетти бекем коргонуу жана натыйжалуу чабуулдар менен 25-16 эсебинде утуп алды. Бирок Түркия экинчи сетте Мелисса Варгас жана Эда Эрдем Дүндардын лидерлигинде мыкты оюн көрсөтүп, сетти 25-17 эсебинде алып, беттешти тең бөлүштү.

Түркия үчүнчү сетте ылдамдыгын сактап, Японияга кысым кылууну улантты. Түркия артыкчылыкты сактап, сетти 25-18 эсебинде утуп, беттеште 2-1 эсебинде алдыга чыкты.

Төртүнчү сет абдан кызыктуу өттү. Эки команда да тең упай алышып, эсеп 24-24 болуп теңделди.Түркия сетти 27-25 эсебинде утуп, оюнду 3-1 эсебиндеги жеңиш менен аяктады.

Түркия жекшемби күнү саат 12:30да ойноло турган финалда Италия же Бразилия менен беттешет.

Түркия Швецияны 85-79 эсебинде жеңип, EuroBasket 2025те чейрек финалга өттү.

Түркиянын эркектер арасындагы баскетбол боюнча улуттук курама командасы 9-сентябрда өтө турган чейрек финалда Польша менен Босния Герцеговинанын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен беттешет.

Башкы машыктыруучу Эргин Атамандын экинчи таймдагы тактикалык өзгөртүүлөрү 14-0 эсебиндеги серия менен жети упайлык айырманы артыкчылыкка айландырды.

Түркия үчүнчү чейректин аягында 11 упайлык айырмачылыкка жетти бирок Швеция акыркы чейректе Людвиг Хакансон менен Симон Биргандердин таасирдүү оюну менен эсепти эки ирет тең кылды.

Акыркы мүнөттөрдө эсеп жакындап калганда, Алперен Шенгун беттешке кирди жана алты упай топтоду.

Шенгүн 24 упай жана 16 rebound менен ойносо, Жеди Осман 17 упай, ал эми Эржан Османи 14 упай жана 9 rebound менен салым кошту.

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды