АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин менен өтө турган үч тараптуу саммиттин алдында Си Цзиньпиндин жылуу тосуп алуусун «чоң жеңиш» деп мүнөздөп, Украинадагы согушту токтотуу үчүн Кытай лидерине кызматташууга чакырык жасады.
Аналитиктердин баамында, Украина, Иран, өзөктүк курал жана соода маселелериндеги пикир келишпестиктерден улам дүйнөдөгү өзөктүк куралы бар ири державалардын лидерлери катыша турган жолугушууда олуттуу келишимдерге жетишүү кыйын болушу мүмкүн.
Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алдында Трамп Владимир Путин менен да жолугушуп аны «досум» деп атады. Кремлдин маалыматына караганда, эки лидер Украинадагы согушту талкуулашкан. Путин жолугушуудан канааттануу менен чыккан.
Си Цзиньпин президент болгондон бери биринчи жолу чет өлкөлүк лидерди аэропорттон өзү тосуп алды. Үч тараптуу саммитке чейин Трамп менен Си Цзиньпин биргелешип тамактанышты.
Жолугушуудан эмнени күтүп жатканы тууралуу суроого жооп берген Трамп Си Цзиньпинди «мыкты мамлекеттик ишмер жана Кытайдын эң көрүнүктүү лидерлеринин бири» деп мүнөздөдү.
«Ал буга чейин эч кимди аэропорттон тосуп алган эмес. Мындан тышкары, тосуп алуу аземи абдан шаңдуу жана көрктүү өттү. Миңдеген адамдар, кичинекей балдар, аскерлер — баары катышты. Бул чоң урмат-сыйдын белгиси болду жана мен муну жогору баалайм. Бул биз үчүн да, Кытай үчүн да чоң утуш», — деди Трамп.




















