Министрлик Иорданиянын Карак шаарындагы чиркөөгө жасалган куралдуу кол салууга байланыштуу жазуу жүзүндө билдирүү таратты.
Билдирүүдө кол салуу кескин айыпталып, төмөнкүлөр белгиленди:
«Каза болгондордун жакындарына жана Иордания элине көңүл айтабыз. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Өлкөнүн биримдигине жана тынчтыгына багытталган бул жийиркеничтүү кол салууга каршы Иордания менен тилектеш экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз».
Иорданиянын Карак шаарындагы чиркөөгө жасалган куралдуу кол салуудан жети адам каза болуп, 27 адам жаракат алды.
Иорданиянын премьер-министри Жаафар Хасан каза болгондорду эскерүү үчүн өлкөдө үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.




























