Тышкы иштер министри Хакан Фидан социалдык тармактагы баракчасында Италиянын да катышуусу менен Стамбулда өткөн R4 (Түркия, Египет, Пакистан, Сауд Арабиясы) жана R4+E3 (Улуу Британия, Германия, Франция) форматындагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары тууралуу маалымат бөлүштү.
Фидан Стамбулда Пакистан, Сауд Арабиясы жана Египеттен келген кесиптештери менен R4 форматындагы жолугушуудан кийин Улуу Британия, Франция, Германия жана Италиянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда сегиз өлкөнүн маанилүү жыйынын өткөрүшкөнүн билдирди.
Ал жолугушууда Жакынкы Чыгыш менен Европадагы өз ара байланышкан көйгөйлөр жана чыр-чатактардын талкууланганын, пикир келишпестиктерди аймактык жоопкерчилик сезими менен диалог жана дипломатия аркылуу чечүү зарылдыгы боюнча бир пикирге келишкенин белгиледи.
Жолугушууга катышкан кесиптештерине ыраазычылык билдирген Фидан буларды айтты: «Биз демилгечи болгон бул иштин туруктуу уланып, аймагыбызда жана анын чегинен тышкары жерлерде тынчтык менен туруктуулукка салым кошушун каалайбыз. Түркия катары эки географиялык аймактын ортосундагы борбордук ордубуздан улам аймактык маселелерди чечүүдө жоопкерчилик алууну улантабыз».




























