АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран келишимге жетүү үчүн алар менен түз байланышка чыкканын билдирип: "Буюрса биз (Иран менен) согуштун аягына карай бара жатабыз" деди.
Дональд Трамп бул сөздөрдү бир иш-чарага катышуу үчүн барган Түндүк Каролинада учактан түшүп жатып журналисттерге айтты.
Иран администрациясы алар менен "түз байланышка чыкканын" билдирген Трамп Тегерандын келишимге жетүүнү каалап жатканын маалымдады.
СУНУШТАЛАТ
АКШ согуштун кайсы этабында экени суралганда Трамп: "Буюрса, биз согуштун аягына карай бара жатабыз" деп жооп берди.
"Иран келишим түзгүсү келет. Бул процесс кандай болорун көрөбүз" деген Трамп Ирандан түз же ортомчулар аркылуу маалымат алып жатасызбы деген суроого "түз маалымат" алып жатканын билдирди.

























