ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россия менен Украина бири бирине карата чабуулдарда маанилүү жерлерди бутага алды
Түнкү дрон чабуулдарынан Россиянын энергетикалык инфраструктурасы жабыркады. Ал эми Россиянын чабуулунан Одессадагы көп кабаттуу үй зыянга учурап, адам өлүмү жана жаракат алгандар тууралуу маалымат билдирилди.
Россия менен Украина бири бирине карата чабуулдарда маанилүү жерлерди бутага алды
[АРХИВ] Украиналык аскер Украинанын түштүгүндөгү фронт сызыгына жакын позициядан «Shark» чалгындоо дрону учурулуп жатканын карап турат. / Reuters

Украинанын дрондору түн ичинде Россиянын Ярославль облусундагы мунай иштетүүчү заводго жана Ростов-на-Донудагы трансформатордук подстанцияга зыян келтирди. Украина бийликтери Киев жана Одессага жасалган орус чабуулдарынан улам адам өмүрүнө зыян келтирилгенин жана материалдык чыгым болгонун билдирди.

Ярославль облусунун губернатору Михаил Евраев орус Max социалдык медиа платформасынан берген билдирүүдө абадан коргонуу системалары аймактын үстүнөн 65 дронду атып түшүргөнүн билдирди.

Евраев чабуулда Ярославлдагы мунай иштетүүчү заводго зыян келтирилип, өрт чыкканын, ошондой эле айрым батирлердин жана унаалардын терезелеринин талкалаганын айтып, эч кимдин жабыркабаганын кошумчалады.

Ошол эле учурда Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь дрондордун сыныктары Ростов-на-Дону шаарындагы трансформатордук подстанцияга зыян келтирип, натыйжада шаардын төрт районунда электр жарыгы өчкөн.

Слюсарь алты жеке турак үй жана кошумча курулуштардын да жабыркаганын, бирок эч кандай адам өлүмү катталбаганын билдирди.

Ошол эле учурда Москванын мэри Сергей Собянин борбор шаарга карай бара жаткан алты дрондун атып түшүрүлгөнүн билдирди бирок кенен маалымат берген жок.

Украинада көп сандаган киши жаракат алды

Украинанын Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Россиянын түнкү чабуулдарынан борбор шаардын бир катар райондорундагы турак жайлар жана башка имараттар зыянга учурады.

Кличко 16 адам жаракат алганын, алардын тогузу ооруканага жаткырылганын билдирди.

Одессада 19 кабаттуу көп батирлүү үйдүн 14, 15 жана 16-кабаттарындагы батирлердин жабыркаганы кабарланды. Өлүм же жаракат алуу фактылары катталган жок.

Окуялар Россия менен Украина бири-биринин инфраструктурасына жана башка объектилерине дрон чабуулдарын улантып жаткан маалда болду.

Иликте
Украина орусиялык дрон Танзаниянын желеги илинген кемеге кол салып, капитан каза болгонун билдирди
Түштүк Африкадагы сериялык киши өлтүрүүлөр: сөөгү табылган аялдардын саны 9га жетти
Ок атышпоо келишимине карабастан Израилдин Газага чабуулдарынан беш адам каза болду
Йемен АКШны хуситтерди колдоону токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды
Франция Ливан армиясын колдоо боюнча конференция өткөрүүдө
Россия менен Украина бири бирине карата чабуулдарда маанилүү жерлерди бутага алды
Түштүк Корея менен Франция үч жылдан кийин биргелешкен аба машыгуусун өткөрүштү
Канада Улуу Британия жетектеген Биргелешкен Экспедициялык Күчтөргө кошулуу өтүнүчүн берди
Түндүк Корея МАГАТЭнин чакырыгын четке кагып, позициясы «так» экенин билдирди
Түркия хуситтердин дрон чабуулун айыптады
АКШнын Башкы штабынын башчысы: "Айдын айланасында согушууга даярданышыбыз керек"
АКШнын президенти Трамп: "Иран менен согуштун аягына карай бара жатабыз"
АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясына катышары пландаштырылган Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты
Израилдик министр: "Газага комплекстүү чабуул жасалышы мүмкүн"
Дүйнөлүк Экономикалык Форум: "Глобалдык гендердик теңдик 120 жылдан кийин гана мүмкүн болот"