Кечээ Арменияда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Никол Пашинян жетектеген бийликтеги партия жеңишке жетти. Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган алгачкы расмий жыйынтыктарга ылайык, Пашиняндын Жарандык келишим партиясы добуштардын 49,8 пайызы менен биринчи орунду ээледи.
Орусиячыл армян миллиардери Самвел Карапетян жетектеген "Күчтүү Армения" альянсы 23,3 пайыздык добуш алды. Мурдагы президент Роберт Кочаряндын "Армения" альянсы 9,9 пайыз, ал эми Гүлдөгөн Армения партиясы 4 пайыз добуш алып, парламенттеги орундарды камсыз кылды. Шайлоочулардын катышуусу 59 пайызды түздү деп кабарланды.
Жыйынтыктардан кийинки билдирүүсүндө Пашинян бул жетишкендикти "Армениянын түбөлүктүүлүгүн жана өнүгүшүн камсыз кыла турган тарыхый жеңиш" деп мүнөздөдү.
"Батыш менен жакындык улана берет, Орусия менен байланыштар сакталат"
Шайлоодогу жеңишинен кийин тышкы саясат боюнча билдирүүлөрдү жасаган Пашинян "Батыш менен жакындык жолун уланта берерин" убада кылып, ошол эле учурда Орусия менен мамилелерди өнүктүрүүнү уланта тургандарын баса белгиледи.
Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Пашинянды социалдык медиа аркылуу куттуктады. Фон дер Ляйен: "Биз Европага күн сайын жакындап келе жаткан демократиялык Арменияга салам айтабыз. Армения бизге ишене алат", - деп билдирди.
Оппозиция "шайлоо бурмаланган" деп айыптады
Пашиняндын эң күчтүү атаандашы Самвел Карапетян болсо шайлоону "уяттуу" деп мүнөздөдү. Үгүт иштери тобунун ондогон мүчөлөрү кармалганын айткан Карапетян добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар жана кысым болгонун билдирди.
Армениянын тергөө комитети бир нече мыйзам бузуулар боюнча 59 кылмыш иши козголгонун жана 9 адам кармалганын жарыялады.
Москва менен чыңалган мамилелер
Никола Пашиняндын жетекчилиги астында Армения Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) менен мамилелерин тоңдуруп, ошол эле учурда Евробиримдик жана АКШ менен байланыштарын тереңдетип, Евробиримдикке мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө карай кадамдарды жасаган. Москва администрациясы болсо аймактагы таасиринин алсырашына ыңгайсыздыкты жашырбайт.
Май айында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны мисал келтирип: "Бүгүн Украинада эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Баары кантип башталды? Украинанын Евробиримдикке кошулуу аракетинен", - деп Ереван администрациясын кыйыр түрдө эскерткен. Шайлоого чейинки жумаларда Орусиянын Армениядан айрым товарларды импорттоого тыюу салуусу Ереванга экономикалык кысым көрсөтүү аракети катары чечмеленген.


















