Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мурунку Башкы катчысы Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун (ТИФ) Башкаруучулар кеңешинин бир добуштан кабыл алган чечими менен Фонддун президенти болуп дайындалды.
2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын ноябрына чейин ТМУнун Башкы катчысы болуп иштеген Элчи Өмүралиев кызмат мөөнөтүндө Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана Уюмдун эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө олуттуу салым кошту.
Элчи Өмүралиев жаңы кызматында да Түрк дүйнөсүнүн ортоктош максаттарына салым кошуп, мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча ишин улантат.
Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгы Элчи Кубанычбек Өмүралиевди жаңы кызматы менен чын жүрөктөн куттуктап, ага бул маанилүү жоопкерчиликте ийгилик каалайт.
ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
1 мүнөт окуу
Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп дайындалды
Түрк мамлекеттер уюмунун мурунку башкы катчысы,элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп дайындалды.

Иликте




















