Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Британияны ядролук куралга ээ биринчи "Ислам Республикасы" деп бутага алып, ошол эле учурда алар Ирандын ядролук куралга ээ экинчи "Ислам Республикасы" болушуна жол бербей тургандарын билдирди.
Израиль армия радиосуна берген маегинде Нетаньяху Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин уулу жана небереси Израилдин достору экенин айтты.
Нетаньяху экөө Израилге барып, Алты күндүк согуш (1967-жылдын 5-10-июну) учурунда колдоо көрсөтүшкөнүн жана Улуу Британия "Ислам Республикасына" айланганын сөз кылды.
Нетаньяху: "Кимдир бирөө ядролук куралга ээ биринчи Ислам Республикасы Британия Ислам Республикасы болот деп айткан. Биз болсо Иран экинчиси болуп калбашы үчүн аракет кылып жатабыз", - деп ырастады.
























