Сереп салуу
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али эз-Зейди менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү
Али эз-Зейди: "Биз Түркияга күнүнө 1 миллион баррель мунай бере алабыз."
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али эз-Зейди менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага сапар менен келген Ирактын премьер-министри Зейди менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

АНКАРА (AA) - Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Аймагыбыз эми согуш, террор жана кагылышуу менен эмес, өнүгүү, бакубатчылык, тынчтык жана туруктуулук менен эскерилип калышы үчүн аракеттенип жатабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Президенттик комплексинде расмий визит менен борбор шаар Анкарада болгон Ирактын премьер-министри Али эз-Зейди менен эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин ар кайсы тармактар боюнча келишимдерге кол коюу аземине катышты.

Андан кийин уюштурулган биргелешкен басма сөз жыйынында сүйлөгөн Эрдоган Али эз-Зейдини аймактын башынан өткөн кыйын мезгилде алган милдети үчүн кайра куттуктады.

Бир туугандык негизинде мамилелерди кеңири баалаганы тууралуу айткан Эрдоган: «Иран, Сирия жана Палестина башта болгон аймактык окуялар боюнча пикир алмаштык»,-деди.

Эрдоган Түркиянын маңдайындагы согуш чөйрөсүнүн таасири менен өткөн сүйлөшүүлөрдө коопсуздук, террор менен күрөшүү, энергетика жана транспорт маселелери кеңири орун алганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Коңшубуз Ирак, тилекке каршы, бул согуш жана туруксуздук чөйрөсүнөн эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Биз мурдатан бери Ирактын тынчтыгын жана туруктуулугун биздин өлкөнүн абалынан бөлөк караган эмеспиз жана карабайбыз. Аймагыбыздын эми согуш, террор жана кагылышуу менен эмес, өнүгүү, жыргалчылык, тынчтык жана туруктуулук менен эскерилишине аракеттенебиз. Террорсуз Түркия жүрүм-туруму жана террорсуз аймак тууралуу бекем көз карашыбызды ишке ашыруу үчүн ирактык туугандарыбыз менен тыгыз диалогдо болуудабыз».

British Petrol компаниясынын операторлук ишин алып барган Керкүктүн өндүрүш талаасында Türkiye Petrolleri компаниясына өнөктөштүк берилгенин белгилеген Эрдоган: «Ирак менен өткөн жылы 17 миллиард долларга жакындаган соода жүгүртүүбүздү андан ары да жогорулаткыбыз келет»,- деди.

Ирактан 1 миллион баррел мунай муктаждыгыбыз канагаттандырылат

Ирактын премьер-министри Али эз-Зейди өз сөзүндө: «Түркияга күнүнө 1 миллион баррел мунай бере алабыз»,- деди деп баяндаган Эрдоган: «Башка жакка муктаж болбоңуздар дейт. 1 миллион баррел. /…/ Кудай кааласа, дароо коңшу Ирактан 1 миллион баррел мунайды бул жакка өткөрүп алсак, муктаждыгыбызды канааттандырат»,- деп баамдады.

Иликте
Түркиянын аялдар улуттук волейбол командасы экинчи жолу Улуттар лигасынын чемпиону болду
Трамп ракета жетишсиздигинен улам Иранга каршы аскердик күчөтүү планын токтотту
Сириядагы автобус кырсыгында 35 киши каза болду
Иран Украинаны Каспий деңизинде коммерциялык кемеге кол салуу боюнча айыптады
Токаев Путинди "Стамбул формуласы 2.0" формуласына кайтууга чакырды
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү