АКШлык дипломаттардын Оманда хуситтердин өкүлдөрү менен Кызыл деңиздеги чыңалуунун күчөшүн жана кемелердин коопсуздугун талкуулоо үчүн жолугушканы айтылды.
Axios агенттигинин аймактык булактарга шилтеме жасап билдиргенине караганда, Оман өкмөтүнүн ортомчулугу менен уюштурулган жолугушуу жекшемби күнү Омандын борбору Маскаттагы АКШ элчилигинде өттү.
Жолугушууда АКШлык дипломаттардын 2025-жылдын май айында жетишилген АКШ менен хуситтердин ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин улантууну жана дүйнөлүк соода үчүн маанилүү болгон Баб аль-Мандеб кысыгын ачык калтырууну суранышканы кабарланды.
Хуситтердин өкүлдөрү болсо Вашингтон администрациясы менен күчүндө болгон ок атышууну токтотуу келишимине берилгендигин билдиришип, алардын чабуулдары Сауд Арабиясынын кемелерине гана багытталганын баса белгилешкени айтылды.
Хуситтер Баб аль-Мандеб аркылуу өткөн башка бардык эл аралык кемелерге эркин жүрүүсүнө уруксат берүү боюнча милдеттенмелерин кайталашты.
АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс да ушул аптанын башында хуситтер менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жарыялаган.

















