ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Армениянын премьер-министри Пашинян: "Бизге Россиянын аскердик базасынын кереги жок"
Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин: "Армения бул инфраструктурага муктаж эместигине чечи чыгара турган болсо эртең эле чыгып кетебиз",- деген.
Армениянын премьер-министри Пашинян: "Бизге Россиянын аскердик базасынын кереги жок"
Армениянын премьер-министри Пашинян: «Бизге Орусиянын аскердик базасынын кереги жок»

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, өлкөсүндө жайгашкан орус аскердик базасынын коопсуздугу үчүн маанилүү эмес экендигин жана буга муктаж эмес экендерин белгиледи.

Никол Пашинян басма сөз жыйынында Армениянын Гүмрү шаарында жайгашкан 102-орус аскердик базасы тууралуу баа берди.

Аскердик база тууралуу талаш - тартышты өздөрү эмес Россиянын ачканын айткан Пашинян: "Аскердик база Армениянын коопсуздугу үчүн маанилүү эмес",- деди.

Ал база маселесин Армения эмес, Орусия көтөргөнүн айтып, "Аскердик база Армениянын коопсуздугу үчүн маанилүү эмес" деди.

Пашинян орусиялык аскердик базанын болушу Армениянын коопсуздугуна салым кошпой турганына көңүлдөрдү буруп: "Россия биздин досубуз. Бизге Россиянын аскердик базасынын кереги жок. Эгер чыгууну каалашса чыгып кете алышат, дароо эртең эле чыксын бирок эгер калгысы келсе, Армения үчүн керексиз базанын мындан ары бул жерде болуунун шарттарын сүйлөшүүгө даярбыз",- деди.

Армениянын Гүмрү шаарындагы 102-орус аскердик база Россиянын Түштүк Кавказдагы негизги аскердик активдеринин бири катары белгилүү.

База 1995-жылы кол коюлган келишимдин негизинде иш алып барууда. Базада кургактык аскерлеринин бөлүктөрү, ошондой эле абадан коргонуу элементтери жана согуштук учактар ​​ да бар.

Россиянын президенти Владимир Путин база тууралуу: "Эгерде Армения бул инфраструктуранын кереги жоктугуна чечим чыгара турган болсо биз эртең эле чыгып кетебиз, - деген.

Иликте
Түндүк Корея МАГАТЭнин чакырыгын четке кагып, позициясы «так» экенин билдирди
Түркия хуситтердин дрон чабуулун айыптады
АКШнын Башкы штабынын башчысы: "Айдын айланасында согушууга даярданышыбыз керек"
АКШнын президенти Трамп: "Иран менен согуштун аягына карай бара жатабыз"
АКШ БУУнун Башкы Ассамблеясына катышары пландаштырылган Махмуд Аббастын виза өтүнүчүн четке какты
Израилдик министр: "Газага комплекстүү чабуул жасалышы мүмкүн"
Дүйнөлүк Экономикалык Форум: "Глобалдык гендердик теңдик 120 жылдан кийин гана мүмкүн болот"
Бахрейн Жакынкы Чыгыштагы белгисиздикке карабай 2027-жылкы Формула 1 сезонун ачууга даярданып жатат
Зеленский Россияны акыркы жумаларда учагын эки жолу атып түшүрүүгө аракет кылуу менен айыптады
Фидан: "Аймагыбызда Түркия жана Азербайжан туруктуулуктун эки аралы болуп саналат"
Байрактарга таандык АКЫНЖЫ абадагы учкучсуз учуучу аппаратты СУНГУР менен атты
Иран Ормуз кысыгындагы Кешм аралынын үстүндө АКШнын дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Тышкы иштер министри Фидан Греция менен мамилелерге сереп салды:
"Doomscrolling" менен күрөшүү үчүн Сингапурда китеп окугандарга акча төлөнөт
Хуситтер Сауд Арабиясынын F-15 согуштук учагын атып түшүргөндөрүн айтышты