Министр Фидан социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө Бангладеш февраль айында өткөн шайлоодон кийин жаңы доорго киргенин жана өлкөнүн тынчтыгы, гүлдөп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн көрүлгөн аракеттерге күбө болушканын билдирди.
Кесиптеши доктор Халилур Рахман менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу мамилелерди бардык тармактарда өнүктүрүүгө болгон каалоолорун ырасташканын баса белгилеген Фидан:
«Азия-Тынч океан аймагына болгон сапарыбыздын төртүнчү жана акыркы аялдамасы болгон Бангладеште бизди премьер-министр Тарик Рахман кабыл алып, тышкы иштер министри доктор Халилур Рахман менен ар тараптуу жолугушууларды өткөрдүк. Сапарыбыз учурунда февраль айында өткөн шайлоодон кийин жаңы доорго кирген Бангладештин күчтүү потенциалына жана бангладештик бир туугандарыбыздын тынчтыкта, гүлдөп-өнүгүүдө жана туруктуулукта жашоосу үчүн көрүлгөн чоң аракеттерге күбө болдук»,-деди.
«Биз бангладештик бир туугандарыбызды колдоону улантабыз»
Фидан: «Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер бир туугандык байланыштарыбызга ылайык өтө бекем пайдубалга курулганын көрдүк. Биз алдыдагы мезгилде бардык тармактарда кызматташуубузду өнүктүрүүгө чечкиндүүбүз жана бангладештик бир туугандарыбызды ошол эле күчтүү эрк менен колдоону улантабыз»,-деп айтты..
Мен Бангладеш бийлигине жана элине, айрыкча урматтуу бир тууганым доктор Халилур Рахманга жылуу меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Ушул учурда урматтуу кесиптешимди жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын төрагасы болуп шайланышы менен дагы бир жолу куттуктайм. Ал бул маанилүү ролду чоң ийгилик менен аткарат деп ишенебиз.
Сапарыбыз учурунда биз Кокс-Базардагы качкындар лагерлерине да барууга мүмкүнчүлүк алдык. Бангладеш бир миллиондон ашык рохинжа мусулмандарын кабыл алуу менен чоң жоопкерчиликти аткарып жатат. Биздин жалпы максатыбыз - рохинжа кризисине туруктуу жана адилеттүү чечим табуу. Кокс-Базарда биз Саламаттыкты сактоо министрлигибиздин, TIKAнын, Түрк Кызылайынын, Түркиянын Диний иштер фондунун жана башка мекемелердин ишин жеринде карап чыктык. Түркия-Бангладеш гуманитардык жардам ооруканасында иштеген саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен жолуктук.
Кыйын шарттарда иштеген бардык кызматкерлерибизге адамзатка кызмат кылуудагы берилгендиги, жумшаган эмгектери жана үлгүлүү аракеттери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Түркия менен Бангладештин ортосундагы достук жалпы кызыкчылыктардан тышкары; бул кыйын мезгилде тилектештик көрсөткөн эки элдин ортосундагы достук. Биз бул байланышты мындан ары да бекемдей беребиз.



























