ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
TRT World Forum 2026 форумунда АКШдагы орто мөөнөттөгү шайлоонун тышкы саясатка таасири, глобалдык лидерлик жана Вашингтондун өнөктөштөрү менен атаандаштарына карата саясаты талкууланды.
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
Президенттин Коопсуздук жана тышкы саясат кеңешинин төрагасынын орун басары Чагры Эрхан TRT World 2026 форумунда.

2026-жылы Стамбул конгресс борборунда «Борборлошпогон дүйнө: эрежелер күчүн жоготкондо ким лидерлик кылат?» деген темада өткөн 10-TRT World Forum форумунун алкагында «Эл аралык системадагы Америка парадоксу» аттуу панелдик талкуу уюштурулду.

Андреа Санке модераторлук кылган панелдин курамына Президенттин Коопсуздук жана тышкы саясат кеңешинин төрагасынын орун басары Чагры Эрхан; Эл аралык кризистик топтун кеңешчиси Али Вайн; AthenaLab эл аралык мамилелерди изилдөө бөлүмүнүн башчысы Диего Сазо; Лондон экономика мектебинин (LSE) Фелан АКШ борборунун директору Питер Трубовиц; жана Европа саясатын талдоо борборунун (CEPA) улук илимий кызматкери Шарон Хадсон-Дин сөз сүйлөштү.

Эрхан АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыктарын баалоодо азыркы администрациянын ийгиликсиздигине төрт негизги себепти белгилегенин айтты. Алардын экөө Иран менен согуш жана Израиль менен мамилелерге байланыштуу болгон.

БУУ системасынын АКШнын жетекчилиги астында түзүлгөнүн эске салган Эрхан Вашингтон бул системаны реформалоодо негизги жоопкерчиликке ээ экенин белгилеп: «Түркия адилеттүү жана тынчтыкка негизделген дүйнөлүк тартипти орнотууга салым кошо турган бардык демилгелерди бекем колдойт», — деди.

Эрхан АКШда келерки эки жыл президенттик шайлоого даярдык көрүү мезгили болорун белгилеп, орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыктарынын себептери Республикалык партиянын ичинде кызуу талкууланарын билдирди.

Эрхан Вэнстин баа берүүсүндө айтылган Иран саясатына жана Израиль менен мамилелерге өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле АКШнын жакынкы эки жылдагы тышкы саясаты Республикалык партиянын ички саясий эсептөөлөрүнө жараша калыптанарын айтты.

"АКШ Латын Америка менен болгон мамилесин 'көйгөйлүү' деп мүнөздөйт"

Сазо акыркы жумада АКШдагы саясий кырдаалдын бир топ өзгөргөнүн, бирок АКШда тышкы саясаттын Конгресске караганда ички саясаттан көбүрөөк таасирленгенин белгиледи.

Сазо президент Дональд Трамптын акыркы эки жылда карманган агрессивдүү саясатынын уланышын күтөрүн айтып, АКШнын Латын Америкасы менен мамилелеринде көп тараптуу механизмдерге караганда эки тараптуу жана өз кызыкчылыктарына негизделген мамилени артык көрөрүн кошумчалады.

Сазонун айтымында, АКШ өзгөчө Венесуэла маселесинде, энергетикалык келишимдер жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу багыттарда кысым көрсөтүүнү улантат.

«АКШ Латын Америкасы менен мамилелерин аймактагы коопсуздук маселелерине байланыштуу көйгөйлүү деп мүнөздөйт», — деди.

Ошондой эле Сазо Бразилия менен Мексиканын АКШнын мындай мамилесин колдобой турганын белгилеп, бул аймактагы кызматташтыктын азырынча жалпы максаттарга эмес, саясий жакындыкка негизделип жатканын айтты.

АКШнын орто мөөнөттүү шайлоосунун жыйынтыктары: Трампка реакция

Трубовиц болсо АКШда "либералдык эл аралык тартипти" колдоонун Кансыз согуш аяктагандан бери азайганын, 2008-жылдагы экономикалык кризис бул процессти тездеткенин жана АКШнын президенти Дональд Трамп бул тенденциядан пайда көргөнүн билдирди.

АКШнын орто мөөнөттүү шайлоосунун жыйынтыктарын Трамптын саясатына күчтүү реакция катары баа бергенТрубовиц шайлоочулар протекционисттик соода саясатына, көп тараптуу кызматташуудан алыстоосуна жана анын АКШнын альянстарына, айрыкча НАТОго болгон мамилесине өзгөчө реакция кылышканын ырастады.
Трубовиц демократтар шайлоонун жыйынтыктарынан кийин тышкы саясат маселелери боюнча Трампка кысым көрсөтө ала турган абалда экенин белгилеп, Украинага колдоо Конгрессте күчтүү колдоо тапканын айтты.

АКШ менен Европанын ортосундагы карым - катнаштар

Хадсон-Дин  да Трамп кызматка киришкенден бери АКШ менен Европанын ортосундагы мамилелерде олуттуу өзгөрүүлөр болгонун, бирок мамилелер кайрадан турукташа баштаганын белгиледи.

 Хадсон-Дин Европа өлкөлөрүнүн  АКШга көз карандылыгын азайтуу стратегияларын иштеп чыгып жатканын жана НАТОнун өнөктөштөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүп жатканын, бирок алар коргонуу өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн да күчөтүшү керектигин билдирди.

Хадсон-Дин өзгөчө январь айында жаңы Конгресс кызматка киришкенде Украинага жардамдын көбөйтүлүшү мүмкүн экенин айтты.

Уэйн болсо Трамптын Кытайга жогорку тарифтерди киргизүү менен Пекинди соода сүйлөшүүлөрүндө компромисске барууга мажбурлай аларына ишенерин, бирок Кытайдын  бул кысымдарга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурба жатканын б

Кытай сейрек кездешүүчү жер элементтеринин экспортуна чектөө киргизүү менен АКШнын экономикасына терс таасир эте аларына көңүл бурган Уэйн эки өлкөнүн тең өзүн дүйнөлүк тарыхта маанилүү орунду ээлеген мамлекет катары көрүшү Вашингтон үчүн психологиялык каршы чыгуу катары кабыл алынарын белгиледи.

Иликте
Чехиянын борбору Прагада бүгүн да учактарга бомба коюлганы тууралуу билдирүү келди
Эфиопиянын Оромия аймагындагы куралдуу кол салууда 34 адам каза болду
Изилдөө: "Тынч океандагы пластик калдыктары суунун түсүн өзгөртүп жатышы мүмкүн"
Корсика аралындагы жагымсыз аба ырайынан улам эки адам унаасында каза болду
Бельгияда парламент депортация процесстери үчүн үйлөрдү тинтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды
Рубио кызматынан кетип, Ак үй үчүн талапкер болуу пландары бар деген сөздөрдү четке какты
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду