Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, «Осман Гази» калкып жүрүүчү өндүрүш платформасы Кара деңиздеги Сакария газ кенинде жаратылыш газын өндүрүүнү эки эсеге көбөйтөт.
Кара деңизде 20 жыл иштей турган платформа Сакария газ кенинде суткалык жаратылыш газын өндүрүүнү 9,5 миллион куб метрден 20 миллион куб метрге чейин көбөйтүүнү көздөйт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 2024-жылдын июль айында алгач ирет коомчулукка тааныштырган «Осман Гази» платформасынын узундугу 298,5 метр, туурасы 56 метр, ал эми тереңдиги 29,5 метрди түзөт.
Президент Эрдоган "Осман Гази" деген атты 2025-жылдын 27-майында жарыялап, аны Долмабахче жумушчу кеңсесинен 2025-жылдын 29-майында Филёско жөнөткөн.
Зонгулдактын Филёс шаарында аккредитациядан жана сертификациядан өткөн платформа Кара деңиздеги миссиясына даярдоо максатында кайра жабдылды. Платформанын үстүңкү түзүлүшүндөгү 21 өзүнчө объекттин 11и Сакария газ кенинин өзгөчөлүктөрүнө ылайык кайра курулду. Алардын жетөө Түркияда, төртөө чет өлкөдө өндүрүлгөн. Калган 10 объект да кендин талаптарына ылайыкташтырылып, платформага орнотулду.
Техникалык тейлөө жана даярдык иштеринин жүрүшүндө платформада күн сайын болжол менен 6 километр кабель тартылды. Жалпысынан платформага 642 километр электр кабели орнотулду. Мындан тышкары, болжол менен 30 километр түтүк тартылып, иштерге 7000ге жакын адам катышты.























