Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык аскерлер өлкөнүн борбору Киевге абадан сокку урууда бала бакчаларды жана мектеп имараттарын, ошондой эле ар кандай жарандык инфраструктура элементтерин бутага алганын билдирди.
Социалдык медиадагы постунда Владимир Зеленский Орусиянын Киевге күн бою жасаган чабуулдарына сереп салды.
Шаардын ар кайсы жерлеринде чабуулдар жасалганын айткан Зеленский: "Бүгүн Киевде орусиялык дрондор эки бала бакчаны жана эки мектепти, катардагы турак жайды, май куюучу жайды, көптөгөн кампаларды жана байланыш обьектилерин бомбалашты", - деди.
Мындай чабуулдар украин элине каршы багытталганын белгилеген Владимир Зеленский: "Мындай бутага алуу дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун терроризм деп аталат", - деп билдирди.
Кол салуулардын кесепетинен ондогон адамдар жаракат алып, айрымдары каза болгонун маалымдаган Зеленский, орус армиясы мурунку күндөн бери уланып келе жаткан кол салууларда 277 дрон колдонгонун айтты. Ал кошумчалагандай, "Зыян тарткан имараттардын арасында Сауд Арабиясынын элчисинин резиденциясы катары колдонулган имарат да бар".
Зеленский ошондой эле Днепропетровск облусундагы спорт мектеби талкаланганын жана Сумы облусундагы балдар үчүн колдонулган имаратка сокку урулганын кабарлады.
Украина лидери Орусияга кысымды күчөтүү зарылдыгын белгилеп, АКШ президенти Дональд Трамп сентябрь айында кол койгон, орус өкмөтүнө жана мамлекеттик компанияларга каршы санкцияларды жана Орусиядан энергия импорттогон өлкөлөргө тарифтерди киргизүүнү караган мыйзам ишке ашырылышы керектигин айтты. Ал: "Бул мыйзам толук ишке ашырылса, көп нерсени жакшы жакка өзгөртө алат", - деп билдирди.

























