САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Орусия: "Убактылуу ок атышпоону эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайбыз"
Песков энергетикалык инфраструктурага багытталган ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты.
Орусия: "Убактылуу ок атышпоону эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайбыз"
Дмитрий Песков Украинада узак мөөнөттүү тынчтыкты каалагандарын айтты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2022-жылдын февраль айынан бери согуш жүрүп келе жаткан Украинада убактылуу ок атышпоону эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалагандарын билдирди.

Москвада журналисттер менен маектешүүдө Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин эгерде Орусиянын президенти Владимир Путин 60 күндүк ок атышпоону кабыл алса, Украинада шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча Орусиянын позициясы өзгөрбөгөнүн айткан Песков: "Орусияда Путин тарабынан да, башка деңгээлдерде да бир нече жолу айтылды. Биз ок атышууну токтотууну эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайбыз жана бул үчүн колубуздан келгендин баарын жасоого даярбыз", - деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусия менен Украина энергетикалык инфраструктурага кол салууну токтотуу үчүн ок атышпоого макул болгону жөнүндөгү билдирүүсү боюнча суроого жооп берип жатып Песков: "Сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тема боюнча айта турган сөзүбүз болгондо, сизге сөзсүз кабарлайбыз", - деди.

Европа өлкөлөрүнүн Украина кризисине болгон мамилесине да сереп салган Песков, европалыктар жаңжалдын аякташына жол бербөө үчүн аракет кылып жатышканын айтты.

Песков Европа өлкөлөрүн "согушту жактагандар" деп мүнөздөп: "Биз америкалык сүйлөшүүчүлөрдүн аракеттерин алда канча позитивдүү карайбыз жана бул аракеттерди улантканы үчүн аларга ыраазыбыз. АКШ менен Европанын ортосунда бөлүнүү жаратууга аракет кылып жаткан жокпуз; биз тынчтык жолу менен чечимге алып келе турган натыйжалуу кадамдарды жана жоопкерчиликтүү чечимдерди издеп жатабыз", - деди.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат