Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында Президенттик комплексте өткөн Кабинет жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Гөкташ 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушун жөнгө салууга байланыштуу суроого жооп берип жатып, дүйнөдө да окшош чаралар талкууланып жатканын жана ар бир өлкө өзүнө ылайык иштерди жүргүзүп жатканын эске салды.
Ошондой эле Гөкташ: «Айрыкча Австралиянын отчетун карап чыккандан кийин керектүү баалоолорду жүргүзүп, кемчиликтерди толуктап, өлкөгө мүнөздүү модель иштеп чыктык»,-деди.
Социалдык медиага тиешелүү түзөтүүлөрдү да камтыган мыйзам аркылуу 15 жашка чейинки балдар үчүн коопсуз санариптик мейкиндиктер түзүлөөрүн жана көзөмөлдүү пайдалануу колдоого алынарын белгилеген Гөкташ балдардын курагы жана өнүгүүсүнө туура келбеген контенттерге дуушар болуусунун алдын алуу көздөлөөрүн айтты.



























