Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Корей согушунда курман болгон аскердин сөөгү 75 жылдан кийин үй-бүлөсүнө тапшырылганын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө, аскердин ДНКсы Ан Донгдун үй-бүлө мүчөлөрүнөн алынган ДНК үлгүлөрү менен дал келгенден кийин Иксан шаарында эскерүү аземи өткөрүлгөнү маалымдалды. Андан соң аскердинсөөгү жакындарына кайтарылып берилди.
Анын сөөгү алгач 2004-жылы жүргүзүлгөн казуу иштеринин жүрүшүндө табылган. Ал эми үй-бүлөсүнөн ДНК үлгүлөрү 2019-жылы алынган. Бирок ошол учурдагы технологиялык мүмкүнчүлүктөр чектүү болгондуктан сөөктүн кимге таандык экенин аныктоо мүмкүн болгон эмес. Бул маселе сентябрь айында жүргүзүлгөн ДНК анализинин натыйжасында чечилген.
1951-жылдын августунда Түндүк Корея күчтөрүнө каршы салгылашууда курман болгону аныкталган Ан Донг 2000-жылдан бери сөөгү үй-бүлөсүнө кайтарылган 286-түштүк кореялык жоокер болду.
Корей согушу
Корей согушу 1950-жылдын 25-июнунда Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга кол салышы менен башталган. Согуш учурунда Кытай жана Советтер Союзу Түндүк Кореяны, ал эми АКШ башында турган Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү Түштүк Кореяны колдогон.
Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Түркия согушка төрт бригададан турган жалпы 21 212 аскер жөнөтүп, катышуучу 16 өлкөнүн арасында жоокерлеринин саны боюнча төртүнчү орунда турган.
1953-жылдын 27-июлунда ок атышууну токтотуу келишимине кол коюу менен активдүү согуш аракеттери токтогон. Бирок тараптардын ортосунда расмий тынчтык келишими түзүлбөгөндүктөн, эки Корея Корей согушу юридикалык жактан толук аяктай элек.























