Япониянын түндүгүндөгү тоолуу аймактарга акыркы убакта көбөйгөн аюулардын кол салууларына каршы көрүлгөн чаралардын алкагында 800 байкоо камерасы орнотулат.
Экологияны коргоо министрлиги AFP агенттигине билдиргендей, апрель айынан бери Тохоку аймагында аюулардын кол салуусунан беш адам каза болгон жана бир шектүү өлүм боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Өткөн жылы Япония боюнча аюулардын кол салуусунан он үч адам каза болгон.
Өлкөдө аюулардын кол салуусунун көбөйүшүнө каршы күрөшүү үчүн бир нече ай мурун жасалма интеллект менен иштеген байкоо системасы ишке киргизилген.
Система айрым калктуу конуштарына жакын жерлерге, тоолуу аймактарга жана дарыялардын жээктерине жайгаштырылган камералардан сүрөттөрдү чогултат.
Камералар аюуларды аныктаганда, система атоматтык түрдө сүрөттөрдү электрондук почта аркылуу жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү тараптарга жөнөтөт.
Системанын жардамы менен жетекчилер мурунку ыкмага караганда тургундарды 30 мүнөт эрте эскерте алат.


















