Дельси Родригес Венесуэладагы кош жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2595ке жеткенин, 12 400 адам жаракат алып, миңдеген адамдар дагы деле дайынсыз экенин жарыялады.
24-июнда Венесуэланын түндүгүндө болгон 7,2 жана 7,5 баллдык жер титирөөлөр кеминде 855 имаратка зыян келтирди. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, турак жайга жана инфраструктурага келтирилген зыяндын чыгымы болжол менен 6,7 миллиард долларды түзөт. Апаат дээрлик 16 000 адамды үй-жайсыз калтырды.
Родригес өкмөт АКШнын Мамлекеттик департаменти, Эл аралык валюта фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк жана Континенталдык өнүктүрүү банкы менен калыбына келтирүү иштери үчүн ресурстарды камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
Өлкөгө жардам көрсөкөн 31 өлкөгө ыраазычылык билдирген Родригес Түркияны кошкондо эл аралык топтордун колдоосунун өтө маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Родригес: "Венесуэладагы куткаруу топтору менен бирге 31 өлкөнүн биргелешкен аракети бизге жалгыз эмес экенибизди көрсөттү", - деди.
Түркия Венесуэлага 75 кызматкерди, беш издөө унаасын жана алты куткаруу итин жөнөтүү менен жардам берүү аракеттерин активдүү колдоду.
Түркия тарабынан жөнөтүлгөн топтордун арасында Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча төрагалыктын (AFAD) жана Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн гуманитардык жардам бригадасынын издөө-куткаруу топтору, ошондой эле Яракуй аймагында иштеп жаткан Улуттук медициналык куткаруу тобунун (UMKE) мүчөлөрү бар.
Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TIKA) жер титирөөдөн жабыркаган Венесуэла жарандарына болжол менен 1000 жардам пакетин жеткирди.

















