Тышкы иштер министрлиги Сириянын борбору Дамасктын Хижаз аймагына жасалган жана адамдардын өлүмүнө алып келген кол салууну катуу айыптады.
Министрлик Сириядагы кол салууга байланыштуу билдирүү таратты.
Билдирүүдө: "Биз бүгүн Сириянын борбору Дамасктын Хижаз аймагына жасалган жана адамдардын өлүмүнө алып келген кол салууну катуу айыптайбыз", - деген сөздөр камтылды.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Сирия элине көңүл айтылган билдирүүдө, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетиши кааланды.
Билдирүүдө: "Сирияда туруктуулукту жана коопсуздукту орнотууга багытталган аракеттерди жана коомдук тынчтыкты бузууну максаттагандарга каршы эң жакшы жоопту Сирия эли биримдикти жана тилектештикти сактоо менен берет деп бекем ишенебиз", - деген сереп салуу орун алды.
Ошондой эле билдирүүдө Түркия бул процессте Сирия менен тилектештигин уланта берери тууралуу билдирүү айтылды.
- Сириядагы кол салуу
Сириянын борбору Дамасктын эң көп адам чогулган жерлеринин бири болгон тарыхый Хамидия базарына алып баруучу жолдо жайгашкан Адилет сарайынын жанындагы кафеде болгон жарылуудан 5 адам каза болуп, 16 адам жаракат алганы кабарланды.
Сириянын Ички иштер министрлиги кол салуунун жардыргыч зат менен жасалганын билдирди.




















