Грецияда чыккан Kathimerini гезити борбор шаар Анкарада 7 - 8 - июлда өтө турган НАТО саммитинде Түркиянын альянстагы ролунун дагы да күчөө ыктымалдыгы Израилде тынчсыздануу жаратканын жазды.
Kathimeriniнин айтымында, Анкара саммитинде Түркиянын НАТОдогу ролунун күчөшүнө байланыштуу Израилдеги тынчсыздануу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун акыркы аракеттеринен байкалууда.
Гезит Израиль өкмөтүнүн өткөн аптада 1915 - жылдагы окуялар тууралуу армян дооматтарын таануусун бул тынчсыздануунун жыйынтыгы катары белгиледи.
Кабарда, Нетаньяхунун «Президент Эрдогандын Израилдин кыйрашын каалабаган күнү жок» деген сөздөрү чындыкка дал келбегени белгиленип: «Эрдоган Израилдин кыйрашы жөнүндө эч качан сөз кылган эмес, бирок НАТОдогу жалгыз мусулман өлкөсүнүн лидери катары Израилдин Газадагы аша чаапкан аракеттерин катуу сынга алган»,- деп айтылган.
Мындан тышкары, 1492-жылы католик Испаниядан куулган еврейлер Осман империясында баш калкалай турган жай тапканына да көңүл бурулган кабарда: «Улутчул Түркияда да христиан Европадагыдай антисемитизм эч качан болгон эмес»,- деп айтылды.




















