БУУнун Иран боюнча Эл аралык көз карандысыз иликтөө комиссиясы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 63-сессиясынын алкагында жаңы отчет жарыялады.
Отчетто Ирандагы жарандардын өкмөттүн адам укуктарын олуттуу бузушу жана адамзатка каршы кылмыштары менен 28-февралда башталган АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуулдарынын ортосунда калгандыгы белгиленди.
Иран өкмөтүнүн 2025 - 2026-жылдардагы нааразычылык акцияларына карата зомбулукту камтыган кысымынын мурдагы кийлигишүүлөргө салыштырмалуу күч алгандыгы айтылган отчетто бул процессте массалык өлүмгө жана жаракаттарга алып келген кеңири жайылган өлтүрүүчү күч колдонуу жана массалык камоолор катталгандыгы белгиленди.
Отчетто Иран өкмөтү нааразычылык акцияларына байланыштуу 29 адамдын өлүм жазасына тартылганы белгиленип, нааразычылык акцияларына байланыштуу өлүм жазасынын санын көбөйткөнү үчүн сынга алынган.
«АКШнын согуш кылмышын жасаганына ишенүү үчүн негиздүү себептер бар»
Отчетто булар айтылган: "Комиссия АКШ менен Израилдин 28-февралдагы чабуулдарынан кийин жарандар каза болуп, жаракат алганын жана жарандык объектилер жабыркаганын белгиледи. Ошондой эле АКШ аялдар жана балдар болгон кеминде 178 жарандын өмүрүн алган эки аба соккусунда согуш кылмышын жасаган деп эсептөөгө негиз бар деген тыянакка келди."
Отчетто Иран менен АКШ бардык укук бузууларды жана кылмыштарды дароо токтотууга, жабырлануучуларга толук компенсация төлөөгө жана укук бузуулардын кайталанбай турганына кепилдик берүүгө чакырылган.

















